• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Найман суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар. Найман суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар кармалды. Бул тууралуу Жайыт, балык жана мал чарба департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-19-апрель күндөрү Ош облусундагы Папан жана Найман, ошондой эле Токтогул суу сактагычтарында рейд жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында, мыйзамсыз балык уулап жүргөндөр – Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну Панасенко Е. В.жана Россиянын 53 жаштагы жараны Пашаев Е. В. кармалган. Бул боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, алар кармаган 66 даана суу чаяны (рак) жана 142 даана балык боюнча 31 миң сом айып салынган.

Ошондой эле Токтогул суу сактагычындагы рейд учурунда узундугу 160 метр тор алынган.

Пикир

Оставить комментарий