• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Накталай эмес төлөмдөр өсүүдө. 2022-жылы банк карталары 4,6 миллионго жетти

Экономика 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын үчүнчү чейрегинде банк карталарын колдонуу менен 135,9 млрд сом суммасына транзакция жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Ал эми 2019-жылдын үчүнчү чейрегинде 59 млрд 238 млн сом суммасына транзакция жүргүзүлгөн.

Чыгарылган карталардын саны 2 млн 820 миң 700 даанадан 4 млн 660 миң 900 даанага чейин өстү. 2019-жылдын үчүнчү чейрегинде электрондук капчыктардын жардамы менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн 1,6 млрд сом төлөнсө, 2022-жылдын үчүнчү чейрегинде 5,2 млрд сомго төлөм жүргүзүлгөн. Электрондук капчыктардын саны 1,6 млн бирдиктен 5,4 млн даанага өстү.

“Накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн маанилүү опциясы катары жүргүзүлгөн төлөмдөр же акча которуулар тууралуу маалыматтар колдонуучунун тиркемесинде сакталарын белгилеп кетүүгө болот. Смартфон, банк картасы жоголсо же жогоруда аталган инструменттерге кирүү үчүн сыр сөздөр үчүнчү жактарга жеткиликтүү болуп калды деген шектенген ойлор пайда болгон учурда, ээлер банкка кайрылып, картага же электрондук капчыкка бөгөт коюп койсо болот”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий