• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Наманган мамлекеттик университети карантинге жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Наманган мамлекеттик университети эки аптага карантинге жабылды. 22-майда аталган жогорку окуу жайдын окутуучуларынын биринин коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталган.

УзА агенттиги билдиргендей, учурда бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Маалыматка караганда, студенттер 6-июнга чейин Zoom видеопрограммасынын жардамы менен аралыктан окушат.

Буга чейин Ташкент жана Самарканддагы бир нече жогорку окуу жайлар менен мектептер COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу карантинге жабылганы маалым.

Пикир

Оставить комментарий