• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Наманган шаары Бишкекке 100 миң даана гүл белек кылды — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Өзбекстан белек катары берген бир жылдык 100 миң даана гүл Бишкекке келди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун Наманган шаарындагы Эл аралык гүл фестивалына баруусунун жыйынтыгында 500 миң бир жылдык гүлдү Бишкек шаарына белекке берүү боюнча макулдашылган.

Мындан улам Бишкекке 100 миң гүл, Наманган шаарынан вице-мэри Абдулбомит Исмаилов, жергиликтүү турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын кызматкерлери, агрономдор, багбандар жана адистер келишти.

Наманган шаарынан келген 30га жакын жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери гүлдөрдү отургузуунун тажрыйбасы жана атайын технологиясы менен бөлүшүүдө. Таң эрте жашылдандыруу командасы жергиликтүү адистер менен биргеликте жаңы парктын гүлзарларына белекке берилген гүлдөрдү отургузушууда.

Учурда паркта 100дөн ашык кызматкер иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий