• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Наманганда Кыргызстан жана Өзбекстандын чекара маселелери боюнча жумушчу топторунун жолугушуусу болду

Саясат 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында 10-20-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайы өкүлү Курбанбай Искандаров жетекчилик кылган өкмөттүк делегация Кыргызстан жана Өзбекстандын чекара маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу топторунун кезектеги кеңешмесине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча позицияны макулдашуу боюнча учурдагы маселелер жана келечек пландар талкууланды.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы коңшулу мамилелерди чыңдоо жана аталган багыттагы биргелешкен иштерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешме жыйынтыгында чек ара маселелери боюнча биргелешкен иштерди улантуу жана Кыргызстанда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтун кезектеги кеңешмесин өткөрүү тууралуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий