• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Наманганда жубайлар дарбызга ууланып каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. Наманган облусунун Нарын районунда бир үй-бүлө дарбызга ууланып, экөө каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-августта түгөйлөр эки баласы жана эки небереси менен эки күн мурун фермердик базардан сатып алган дарбызга ууланышкан. Жыйынтыгында жубайлар батирде көз жумган. Калгандары райондук ооруканага жаткырылган.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, дарбыз жегенден кийин жубайлардын өпкөсү көөп, жүрөгү кармап, дем жетпей, көз жумушкан.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий