• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Намангандагы эл аралык гүлдөр фестивалына Кыргызстандын өкүлдөрү катышты

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Өзбекстандын Наманган облусунда 61-Эл аралык гүлдөр фестивалынын ачылыш аземи өттү.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, фестивалдын ачылыш аземине Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Жалал-Абад облусундагы район-шаарлардын жетекчилери катышты.

Кыргызстандан барган өкүлдөр фестивалдын алкагында Захириддин Мухаммад Бабур атындагы гүл багы менен таанышты.

Белгилей кетсек, буга чейин эки өлкө башчыларынын жолугушусуунда Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасы бекитилген.

Намангандагы гүлдөр фестивалы 22-майдан 5-июнга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий