• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Намазалиев: Чүй облусунун бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы 90%га жакын аткарылды

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Чүй облусунун бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы 90%га жакын аткарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, 4 айдын (ред.: январь-апрель) жыйынтыгы менен бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 90%га жакын аткарылды.

"Пландалган 1 млрд 831 млн сомдун ордуна 1 млрд 608 млн сом чогулду. Экономикалык туруктуулукту сактоо максатында облустук штаб берген тапшырмаларга ылайык иш-чаралар планы бекитилген. Облустагы 142 ири ишканын ичинен 32 ишкана иштеген жок. Абал турукташкандан кийин кайра иштөөсү күтүлүүдө", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий