Намазалиев Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу аймагынын губернаторунун орун басары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиев Кытайдын СУАР Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу аймагынын губернаторунун орун басары Калбунур Үсөн кызы башында турган Кытайдан келген медициналык эксперттер менен жолугушту. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Кытайдын коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү оң тажрыйбаларын эске алсак, коронавирус инфекциясын алдын алууда жана дарылоодо алар менен кызматташуу маанилүү багыттардан болуп саналат", - деди Намазалиев.

Кытай эксперттери Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын таралышын болтурбоо боюнча көрүлгөн чараларга өз баасын берип, мамлекеттик бийликтин талаптарын, ошондой эле санитардык-гигиеналык нормаларды жана карантиндин талаптарын сактоо маанилүү экенин белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий