• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Намыс» стипендиясын алуучу студенттер аныкталды

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. 24-мартта Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбековдун демилгеси менен «Прогрессивд демилгелер фонду» коомдук фондунан «Намыс» атайын стипендиясын алып баштаган студенттердин аты аталды.

Фонддон белгилешкендей, «Намыс» стипендиясы КРнын келечектүү студенттерин жана магистранттарын окуу жана тажрыйбалык ишмердикке демилгелөө, аларга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Быйыл атайын комиссия “Намыс” стипендиялык программасынын катышуучулары болгон студенттерди аныкташты. Кыргызстандын бардык аймактарынан 35 студентке ай сайын 2000 сом өлчөмүндө окуу жылынын аягына чейин стипендия алышат.

Стипендиат студенттер:

Жаңыбаева Асел

Касымова Айдана

Самат уулу Ислам

Абдилашим уулу Таирбек

Эрназарова Арууке

Калмурат кызы Турсунай

Шахтыбеков Анвар

Мусаева Карина

Жемурат уулу Манасбек

Жунузалыева Гулдана

Нуркалыева Айпери

Жылкычиев Ислам

Кадыров Канагат

Жантаева Тоня

Замиров Самат

Кулназарова Сезим

Усенгазиева Нуриза

Дүйшеев Азамат

Сабырбеков Данияр

Асанова Зарина

Ынтымакова Аклима

Нургазы уулу Данияр

Фролова Наталия

Акылбек уулу Залкар

Курманова Адинай

Абдыразакова Гүлжан

Арстанбекова Элнура

Алимжан уулу Эсен

Турусбекова Дильбара

Шаршеков Чолпонбек

Сагынбек кызы Ноорузгул

Исамидин уулу Бектургали

Осмонали кызы Мээрим

Султаналиева Насыйкат

Жекшенбеков Арслан

Маалымдама: “Намыс” долбоору Фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков тарабынан түзүлгөн стипендиялык программа. Ага өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттери жана магистранттары татыктуу боло алат.

Студенттери “Намыс” стипендиясына көрсөтүлүүчү ЖОЖдордун тизмесин Фонд аныктайт. Кичи окуу жайлардын – 1, орто жана жогорку окуу жайлардын 2 студенти стипендия ала алышат.

Стипендияга күндүзгү окууда окуган, КРнын жарандары көрсөтүлө алышат. Акыркы эки семестрде ийгиликтүү окуган, үлгүлүү жүрүш-турушу, социалдык долбоорлорго жана башка интеллектуалдык, спорттук жана маданий иш-чараларга жигердүү катышуусу менен айырмаланган студенттер талапкер боло алышат.

Стипендиялык комиссия өлкөнүн бардык аймактарынан тандоо белгилерине туура келген 35 студентти тандап алды. Алардын аттары өлкөнүн илимий ишмерлери менен катар жыл сайын чыгуучу “Акыл Тирек” китебине киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий