• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Намыс-Ынтымак" футзал боюнча Ачык кубоктун жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 26.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чолпон-Ата шаарында футзал боюнча өспүрүмдөр (15 жашка чейин) арасында эл аралык Ачык кубок мелдеши болуп өттү. Мелдеште Кыргызстан менен Казакстандын 9 командасы күч сынашкан. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Мелдештин финалдык беттешинде Бишкектин "Топ-Тоголок" жана "Намыс-Ынтымак" командалары ойногон. "Намыс-Ынтымак" командасы "Топ-Тоголокту" 2:0 эсебинде жеңип, мелдештин чемпиону аталды.

Ал эми Караганда шаарынан келген "Тулпар" клубу "Ош" командасын 4:0 эсебинде жеңип коло байгелүү болду.

Пикир

Оставить комментарий