• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, вице-мэр кызматын буга чейин Алмаз Бакетаев ээлеп келген. Бакетаев эми мэрдин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары кызматына дайындалды. Ал эми Алимбек Абдылдаев мэрдин кеңешчиси болду.

Тиешелүү буйрукка шаардын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Белгилей кетсек, Нариман Түлеев 2008-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.

Пикир

Оставить комментарий