• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баасы дээрлик жарым млн. Баткенде аткезчилик капустаны ташып кирүүгө бөгөт коюлду

Аймак 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. «Баткен» бажысынын кызматкерлери аткезчилик капустаны ташып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чоң-Талаа айылына жакын “Айрылыш” мобилдик постунда Ж.у.А. аттуу КР жарынын башкаруусунда DaimlerChrysler үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк салынуучу бөлүгүн текшерип кароодо 8 миң 500 кг салмактагы капуста табылган. Жүктүн ЕАЭБ бажы аймагына ташып кирүүнүн мыйзамдуулугун ырастаган эч кандай товар коштоочу документтери жок болгон.

Кармалган товардын орточо базар баасы 467 миң 500 сомду түзгөн. Ж.у.А.га карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 7500 сом суммасына айып өндүрүлүп, 125 337 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий