• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Народный” дүкөндөрүндө колбаса азыктарын сатууда бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы Лермонтов 33 жана Жибек Жолу/Буденный кесилишиндеги “Народный” соода үйлөрүн, Үмөталиев 152деги «Народный-Авангард» дүкөнүн пландык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар бузууларды аныктады.

Мамветинспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, “Риха” жана “Аброй” колбаса азыктарын сатууда бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, азыктарда жасалган жана жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Бузууларды четтетүү боюнча дүкөндөрдүн менеджерлерине эскертүүлөр берилди. Ошондой эле, аныкталган бузууларды жоюу мөөнөтү көрсөтүлдү. Кайрадан текшерүү жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий