• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын: Ай-Сай жайлоосуна барчу жол оңдолууда

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Алыскы Ак-Сай жайлоосуна барчу жол оңдолууда, - деп билдирет өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунда жылдан жылга малдын саны көбөйүп, алыскы жайыттар кеңири пайдаланыла баштады.

Учурда алыскы Ак-Сай жайлоосуна барчу жолдор Ат-Башы жана Нарын райондук мамлекеттик администрацияларынын биргелешкен аракети менен кырылып, түздөлүүдө.

"Иштин негизги максаты райондордун малчыларын алыскы жайлоолорго көчүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүп берүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий