• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын: Айыл эли менен жолугушуулар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Калктын көйгөйүн жеринде угуп, суроолорго жооп берүү максатында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кочкор районуна караштуу Талаа-Булак жана Кара-Суу айыл аймактарынын эли менен жолукту.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, алгач жолугушуу Талаа-Булак айыл аймагында уюштурулуп, Дөң-Алыш жана Комсомол айылдарынын тургундары менен өттү. Айыл аймактын айыл өкмөт башчысы Белек Жолдошбек уулу өткөн жыл ичинде аткарылган иштер, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу баяндама жасап, көрсөткүчтөрү боюнча презентация кылды. Жыйындын кийинки бөлүгү суроо-жооп иретинде өттү.

Кийинки жолугушуу Кара-Суу айыл аймагында өткөрүлдү. Аталган айыл аймакка караган Орток, Ак-Талаа, Кара-Мойнок, Мантыш, Кызыл-Дөбө айылдарынын тургундары айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп, суроолорун жолдоду.

Элеттиктер сугат суулары, көпүрөлөр, жолдордун абалы, мектеп, бала бакча көйгөйлөрү, саламаттыкты сактоо, жөлөк пул, кадр тандоо, кызмат көрсөтүү, үрөн чарба маселеси, курулуш объектилери боюнча берилген суроолорго жолугушууда катышып жаткан облустук, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринен жооп алышты.

Жогоруда айтылган маселенин көпчүлүгүн убагында көңүл бөлүп, жергиликтүү деңгээлде айыл аймактардын айыл өкмөттөрү чечүүгө мүмкүн экенин эскерткен А.Кайыпов Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Айбек Осмоновго сын айтып, калк менен тыгыз иштөөнү айтты.

Өкүл ар бир маселеге токтолуп, жалпы облус боюнча жана райондогу көрсөткүчтөр боюнча маалымат берди. «Облус боюнча жалпы 48 объект курулуп жатат. Анын ичинде 22си мектеп. Кочкор районунда капиталдык ремонттон өткөн жана курулушу жүрүп жаткан 11 объект бар. 4 объект таза суу боюнча бүткөрүлдү»,-деди А.Кайыпов.

Ошондой эле, жолугушууда облус башчысы элеттиктерге кайрылып, айыл чарбасында жаңыланууну алып келүү заман талабы экенин белгиледи. Малдын ден-соолугуна кам көрүп, асылдандыруу багытындагы иш аркеттерди колдоп берүүнү сунуштады. Мындан сырткары, жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштерине активдүү катышып, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого салым кошууга чакырды.

Жыйынтыгында 30дан ашык келип түшкөн суроолор боюнча иш-чара иштеп чыгууну жана аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен мекеме жетекчилерине тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий