• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын: Байзак айылында ири канал курулууда

Аймак 0

Нарын, 15.08.19. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылында 1,1 миң гектар жерди камтыган ири канал курулууда. Каналды курууга 27 млн сом каралган.

Байзак айыл башкармалыгынын башчысы Кайрат Качкынбаев билдиргендей, каналдын 75%ы Дүйнөлүк банк бөлгөн гранттын эсебинен курулууда.

“Канал 2020-жылы курулуп бүтүп, айылды толугу менен камтыйт. Айылдын калкынын саны 6 миң кишиден ашат. Жергиликтүү калк көбүнчө арпа жана буудайды эгет. Канал курулуп бүтсө, сугат жерлер көбөйүп, айдоо аянтын да көбөйтүүү пландалууда”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий