• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын: Баш-Кууганды суусунун деңгээли жогорулаган

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы "Көлмө" жайлоосуна кетчү жолдогу Баш-Кууганды суусунун дэңгээли жогорулаган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суу ташкындап, үч көпүрөнү жана жолдун 700 погондук метр аралыгын суу алып кеткен.

"2020-жылдын 28-29-апрель күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн жана аба ырайынын температурасынын жогорулагандыгына байланыштуу суунун дэнгээли жогорулаган. Калыбына келтирүү иш-чаралары жергиликтүү бийликтин күч каражаты менен аткарылып, үч техника тартылган. Калыбына келтирүү иштери аяктады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий