• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Беш жылдан кийин курулушу аяктаган Бирлик айылынын мектеби пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Беш жыл аралыгында курулушу аяктаган Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын мектеби бүгүн, 2018-жылдын 6-ноябрында пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жылдыз Мусабекова, Алтынбек Жунус уулу, Жаныбек Исаев, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев, мектеп жамааты жана айыл тургундары катышты.

Куттуктоо сөзү ЖК депутаттарына берилип, эл өкүлдөрү аталган мектептин беш жыл аралыгындагы курулуш көйгөйлөрү жана чечүү жолдору боюнча кеп кезегинде токтолушту. Мындан аркы мектептин ишине ийгиликтерди каалоо менен бирге Алмазбек Баатырбеков 70 миң сом акча каражатын тапшырса, Жылдыз Мусабекова орус тили жана кыргыз тили кабинеттерин жасалгалап бергенин маалымдады. Ошондой эле Жунус уулу Алтынбек компьютердик комплект берерин убадалады.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов айыл элин жакшы саамалык менен куттуктады. Облустун аймагында жаңы курулган мектептер боюнча маалымат берип, мамлекет тарабынан билим алууга ыңгайлуу шарт түзүлүп жатканын белгиледи.

«Жыл башынан бери облустун аймагында 3 мектеп пайдаланууга берилди. Эми 2 мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Жылдан жылга мектептер жаңыртылып, балдарга билим берүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бардыгы 141 мектеп болсо, учурда авариялык абалдагы 20га чукул мектеп калды. Алар дагы четинен жаңыртылат деген ишеничтебиз»,-деди облус башчы. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарыл экенин билдирген А.Кайыпов айыл элине кайрылып, мугалимдер жамаатынын кесипкөйлүгүн арттырууну жана ата-энелердин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Самудин Мырзакматов атындагы орто мектебинин окуучулары жана мугалимдер жамааты тарабынан 1968-жылы, 1984-жылы жана 1989-жылы курулган 3 корпуста окуу процессин жүргүзүлүп келген. Ар бир класс бөлмөдө мештерге от жагылганына байланыштуу кыш мезгилинде класстарды жылытуу кыйынчылыкка турган.

Ал эми эки кабаттуу жаңы имаратынын сметалык наркы 57 млн. сомду түзүп, жарым каржысы түрк грантынан, жарым каржысы мамлекеттик бюджеттен каралган. 225 окуучулук орунга ылайыкталган мектепте 9 класс бөлмөсү, ашканасы, ажаатканасы, спорт залы, жылытуу системасы камтылган. 2013-жылы тендерди утуп алган «Авангард строй» ЖЧКсына 20 млн. сомдон ашык каражат которулуп, пайдубал, дубалы утргузулуп, чатырланган. Бирок убакытты создуктуруп, өз мөөнөтүндө ишти аткарбай курулушта мүчүлүштүктөрдү кетиргенине байланыштуу тийиштүү органдар тарабынан ишти токтотуу боюнча сунуш берилип, кайрадан тендер өткөрүлгөн.

2017-жылдын кыш айларынан баштап тендерди утуп алган «Тунук-курулуш» ЖЧКсы тарабынан аз убакыттын ичинде кемчиликтер оңдолуп, мектеп пайдаланууга берилди. Учурда мектепте 277 окуучуга 32 мугалим билим берет.

Пикир

Оставить комментарий