• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарын: Бирлик айылынын мектебинин курулушу аяктоо алдында турат

Аймак 0

Бишкек, 08.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Ат-Башы районунун Бирлик айылындагы мектептин курулуш иштери менен таанышып, көрсөтмөлөрдү берди.

Самудин Мырзакматов атындагы орто мектебинин директору Айбек Исаевдин маалыматында эки кабаттуу жаңы имаратынын сметалык наркы 57 млн сомду түзүп, жарым каржысы түрк грантынан, жарым каржысы мамлекеттик бюджеттен каралган. 225 окуучулук орунга ылайыкталган 9 класс бөлмөсү, ашканасы, ажаатканасы, спорт залы, жылытуу системасы камтылган. Тендерди утуп алган «Авангард строй» ЖЧКсына 20 млн сомдон ашык каражат которулуп, 2014-жылы курулушту баштаган. Бирок убакытты создуктуруп, өз мөөнөтүндө ишти аткарган эмес. Мындан тышкары, курулушта мүчүлүштүктөрдү кетиргенине байланыштуу тийиштүү органдар тарабынан ишти токтотуу боюнча сунуш берилип, кайрадан тендер өткөрүлгөн.

2017-жылдын кыш айларынан баштап тендерди утуп алган «Тунук курулуш» ЖЧКсынын өкүлү аз убакыттын ичинде кемчиликтерди оңдоп, чатырын жаап, ички, сырткы жумуштарын бүтүрүү менен мектепти 2018-жылдын октябрь айында пайдаланууга берүү пландалганын айтты.

Мектептин окуучулары жана мугалимдер жамааты тарабынан 1968-жылы, 1984-жылы жана 1989-жылы курулган 3 корпуста окуу процессин жүргүзүлүп келет. Кыш мезгилинде класстарды жылытуу кыйынчылыкка туруп келген. Себеби, ар бир класс бөлмөдө мештерге от жагылат. Класстар толук жылыбай, окуучуларга жана мугалимдерге ыңгайсыздык жараткан.Учурда мектепте 277 окуучуга 38 мугалим билим берет.

А.Кайыпов облустагы мектептердин курулушунун сапатына дыкаат көнүл бурулуп, адистер тарабынан текшерилип жатканын билдирди.Буга чейинкижоопкерчиликсиз мамиле жасаган курулуш ишканалары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине билдирүү берип, республиканын аймагында ишмердүүлүгүн токтотуу сунушу берилерин белгиледи. Ошондой эле, Нарын облусунда быйыл жыл аягына чейин 5 мектептин, 2 мектептин спорт залын пайдаланууга берүү пландалганын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий