• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нарын — Үч-Нура жолун оңдоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Кечээ, 21-апрелде Нарын районунун аймагындагы Нарын — Үч-Нура автожолуна шагыл жаткыруу, оңдоп-түздөө иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун жалпы узундугу 16,5 чакырымды түзсө, анын 12 чакырымы шагыл жол. Быйыл 2,7 чакырым ички жолго асфальт төшөө боюнча республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесине сунушталып, бирок каржылык колдоо тапкан эмес. Ошол себептен облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен элди жана демөөрчүлөрдү көтөрүү аркылуу Нарын — Үч-Нура автожолун оңдоп-түздөө иштери уюштурулду.

Нарын районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин айтымында, Чет-Нура айыл аймагынын элинин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 600 миң сомго жакын каражат топтолуп, 15 тоннага жакын күйүүчү май алынды.

Жолго шагыл төгүү, таптоо жумуштарын №8-Жол тейлөө ишканасы жүргүзүп жатат. Чет-Нура айыл аймагына бара турган жолду оңдоо иштери 15-20 күндүн ичинде аяктап калаары күтүлүүдө.

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев белгилегендей, кийинки кезекте 8-Март жана Орток айыл аймактарындагы ички жолдорду ушундай эле ыкма менен оңдоп-түздөө иштери мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий