• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын дарыясына агып кеткен 30 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/ 4-август күнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Достук айыл аймагына караштуу Бачок тилкесинде Нарын дарыясына 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 5- август күнү издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табылган эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-августта саат 08:40та издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6 куткаруучу жана КР ӨКМнин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын №2 издөө-куткаруу отрядынан 13 куткаруучу, жалпы 19 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий