• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын дарыясына түшүп кеткен жаран 1 айдан бери табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Нарын дарыясына 4-августта 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүүдө.

!18-сентябрь күнү КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 2-Өзүнчө издөө уткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары улантылып, саат 17:15те убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. 12 куткаруучу тартылган. Издөө иштери бүгүн да улантылат", - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий