• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын: Демөөрчүлөрдөн мектеп

Аймак 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Дыйкан айылындагы мектептин кошумча корпусунун ачылыш аземи өттү,-деп билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүгү.

Салтанатка Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Батырбеков, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жакыпбек Субагожоев, «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун Башкы директору Саид Баюми, мекеме жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Акиш Капаров атындагы орто мектептин жаңы корпусу 6 класс кабинетинен, 1 директордун кабинети жана ашканадан туруп, жалпы суммасы 6 млн 840 миң сомду түздү. Мунун ичинен Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү 1 млн 368 миң сомду өздүк салым катары кошсо, 5 млн 472 миң сом каражатын Бириккен Араб эмираттарынын кызыл жарым ай коому берген.

2017-жылдын апрель айында башталган курулуш бир жыл аралыгында салынып бүтүп 19-майда пайдаланууга берилди. Мектеп корпусунда парта, стол, стулдары, ашкана жабдуулары жана видеокөзөмөл жаңы алынып берилген. Учурда А.Капаров атындагы орто мектептин имараттарында 160 окуучу окуйт.

Пикир

Оставить комментарий