• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Нарын ГЭС" ААКы киреше таба баштады - Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду

Экономика 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Өкмөттүн алдындагы Мамлекттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Кара-Көл шаарындагы "Нарынгидроэнергокурулуш" ААКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымат үчүн: “Нарын ГЭС” ААКы - ГЭСтерди куруу менен алектенген Кыргызстандагы бирден-бир ишкана, 90% мамлекеттин үлүшү менен.

Акыркы жылдары “Нарын ГЭСи” чыгым келтирүүчү ишкана болгону маалым, эске салсак, 2018-жылдын май айында жумушчулар митингге чыгууга аргасыз болушкан. Алардын айтымында, митинг төрт жылдан бери маяна төлөнбөй келгендигине байланыштуу уюштурулган.

Азыркы учурда 2020-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, "Нарын ГЭС" ААКы 26 миллион сом киреше тапкан, эмгек акыны өз убагында төлөө маселеси чечилди, жумушчу техниканын 30%ы калыбына келтирилди.

Эгерде 2019-жылы компания салыктык төлөмдөр катары - 2,9 миллион сом төлөгөн болсо, 2020-жылдын биринчи кварталына гана - 14,2 миллион сом төлөдү.

Социалдык фондго 2019-жылга - 1,4 млн сом төлөнгөн болсо, 2020-жылдын биринчи кварталында - 2,5 млн сом төлөгөн. 2019-жылга эмгек акы 11,8 миллион сом өлчөмүндө төлөсө, ал эми 2020-жылдын I кварталында - 19 миллион сом төлөндү.

Пикир

Оставить комментарий