• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын ГЭСинин курулушу 2017-жылдын октябрында башталышы мүмкүн

Экономика 0

Нарын, 18-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу үстүбүздөгү жылдын октябрында башталышы мүмкүн. Бул тууралуу аталган ГЭСтин курулушу боюнча брифингде «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын директору Ержи Вайциховски билдирди.

Ал 3 айга чейин ТЭНди актуалдаштыруулары зарыл экенин белгиледи.

“Андан соң 30 күнгө чейин Кыргызстандын россиялык тарапка болгон 37 млн доллар карызын төлөйбүз. Андан соң акцияларды каттоо процесси башталат. Бүткөн соң уставдык капиталга инвестициялардын суммасынан 25%га чейин салуу керек. Бул болжол менен 57-60 млн доллар. Биз ТЭН макулдашылса, иш октябрда башталат деп ойлоп турабыз”, - деп белгиледи ал.

Вайциховски курулушка 4 жыл кетерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий