• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын: Ишкерлер айлана-чөйрөнү иретке келтирүүгө салым кошот

Аймак 0

Бишкек, 27.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 27-апрелинде, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, тазалыкты сактоо жана көрктөндүрүү маселеси боюнча ишкерлер менен жолугушуу өттү.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарынын ишкерлери менен болгон жолугушууда учурда аймактарда өткөрүлүп жаткан ишембиликтер тууралуу маалымат берди. Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында калктуу конуштардын аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлыкка активдүү катышууга ишкерлерди үндөдү. Облус башчы ар бир шаар тургуну айланасын тазалыкта сактап, ишембиликтерди өткөрүп жатканын белгилеп, калкка кызмат көрсөтүп жаткан орто жана чакан бизнес өкүлдөрүнө имараттарынын тегерегин иретке келтирүү зарыл экенин билдирди.

«Кардар ыңгайлуу шартта сиздерден кызмат алууну каалайт. Коопсуздукка көңүл буруу керек. Ал эми имараттарыңыздардын сырткы келбетин оңдоп, алдына бак-дарактарды, гүлдөрдү отургузсаңыздар кардар көп тартылат, шаарга дагы көрк берилет. Биз тараптан бардык жардамдар берилет. Сунушубузду туура кабыл аласыздар деген ишеничтемин»,-деди А.Кайыпов.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов облус борборунда аткарылып жаткан иштерге токтолуп, мындан сырткары Нарын шаарынын 150 жылдыгынын алкагындагы долбоорлор боюнча маалымат берди. Ошондой эле имараттарды актап, сырдоодо, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузууда ар бир тармак жигердүү иштеп жатканын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер соода-сатык жайларына бирдей урна орнотуу жана бак-дарактардын көчөттөрүн атайын адистердин кеңеши менен отургузуу, туура жолдорду таштандылардан арылтуу жана башка сунуштарын айтып, жергиликтүү бийликтин демилгелерин колдоого аларын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий