• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын: Көмүр кесиминде тартип тыкыр каралууда

Аймак 0

Бишек, 04.10.18. /Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кара-Кече көмүр кесиминде кезектеги иш сапары менен болуп, мында оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен жолугушту.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жеринде жолугушкан облус башчы учурдагы көмүр казуудагы иш аракеттер боюнча маалымат берип, айдоочулардын дагы бир катар сунуш пикирлерин укту. Республиканын аймактарына жана облуска көмүр ташып жаткан айдоочулар унаалардын кезеги, салмагы жана жол маселеси боюнча көйгөйлөрүн жолдошту.

А.Кайыпов кышка камылга көрүп аймактарга көмүр отунун ташып жаткан айдоочуларды бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле күч түзүмдөрүнө кайрылып, уурдоого, криминалдык топтордун кийлигишүүсүнө жол бербөө жана тартип маселесин тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды. Тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнө өткөрүү пунктарын, унаалардын тизмесин, кезектешүүсүн көзөмөлгө алууну, жолдорду сактоо үчүн мыйзамга ылайык ченемден ашкан салмактагы автоунааларга чек коюну жана ар бир автоунааны эсепке алуу иштерин күчөтүүнү милдеттендирди.

Маалымат үчүн: 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине облустун экономика тармагына жана калкына жалпы 67 миң 426 тонна көмүр отуну керектелсе, мунун ичинен калкка 45 миң 500 тонна керектелет. Бюджеттик мекемелерди көмүр отуну менен камсыз кылуу үчүн тендерлерди өткөрүү боюнча райондордо жалпы 91 келишим түзүлгөн. 2018-жылдын 1-октябрына карата бюджеттик мекемелерге 10916 тонна көмүр тартылды. Көмүр тартуу иштери улантылууда.

Элге көмүр отунун сатуучу кампаларга көмүр тартып жеткирүү, көмүр отунун саттыруу иштери райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, жеке ишкерлер көмүр ишканаларынын жетекчилери менен келишим түзүү аркылуу ишке ашырылууда. Облустун аймагында элге көмүр отунун сатуучу кампаларды ар бир айыл өкмөтүндө жана райондун борборлорунда жалпы 68 көмүр кампаларын уюштуруу иштери жүргүзүлүп, учурда 8 миң тоннага чукул көмүр кампаларда бар.

Нарын облусу боюнча «Кара-Кече», «Миң-Куш», «Дүңгүрөмө» жана «Турук» көмүр участкаларында жалпы 15 көмүр отунун казып өндүрүүчү ишканалары бар. Мунун ичинде «Кара-Кече» көмүр участкасында 4 ишкана, «Миң-Куш» көмүр участкасында 7 ишкана, «Дүңгүрөмө» көмүр участкасында 2 ишкана жана «Турук» көмүр участкасында 2 ишкана көмүр казуу иштерин жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий