• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Нарын: Катар кайрымдуулук фонду Кара-Тоо айылына жаңы мектеп курууга даяр

Аймак 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин жектекчилери Катар кайрымдуулук фондунун гобалдык программалар офисинин башкы директору Наваф Абдулла Аль-Хаммади менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин жетекчилиги Катар кайрымдуулук фондунун өкүлү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуу учурунда фонддун финансылык ресурстарынын эсебинен ишке ашырылган долбоорлорду деталдуу талкуулоого өтүү, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мындан аркы пландар белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Болотбек Купешев Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы 1927-жылы курулган, бүгүнкү күндө жараксыз абалда турган эски мектептин ордуна жаңы окуу корпусун куруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Маалымат катары айта кетсек, бүгүнкү күндө Кара-Тоо айылында мектеп курагындагы 800дөн ашык бала жашайт, айылда мектептин жоктугунан алар аргасызданкоңшу айылдардагы мектептерге 3-4 чакырым жол басып барып-келип окуп жатышат.

Жогорудагы сунушка жооп катары Наваф Абдулла Аль-Хаммади жаңы мектептин курулушун каржылоого жардам берүүгө даяр экенин билдирди жана бул маселени биргелешип чечүүнү сунуштады.

Наваф Абдулла Аль-Хаммади Кыргызстандын билим берүү жаатында фонд тарабынан 25 долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди. Алардын ичинен бир долбоор Аутизм борборунун мугалимдерине билим берүүгө, төрт долбоор студенттерге техникалык колдоо көрсөтүү жана тамактануу жагынан жардам берүүгө, 20 долбоор билим берүү мекемелерин куруу жана оңдоо иштерине багытталганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий