• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын: ӨКМ кызматкерлери өзгөчө кырдаалдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Нарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өзгөчө кырдаалдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинин окуучуларына өрт кырсыктарынын алдын алуу, өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн-өзү алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, авариялык куткаруу унаасындагы атайын каражаттар менен тааныштыруу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чарага 15 мугалим 255 окуучу катышып, окуучулар өздөрүнүн кызыккан суроолорун беришип жоопторун алышты.

Пикир

Оставить комментарий