• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын: Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Кечээ, 4-июлда Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата иш-чара өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлерди майрамы менен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов куттуктады.

Облус башчы медицина тармагында акыркы беш жыл аралыгындагы аткарылган иштер боюнча маалымдап, мамлекет жана эл аралык уюмдар тарабынан 1 неврология, 1 заманбап диагностикалык борбор, 25 ФАПтын курулушу, гемодиализ бөлүмүнүн ачылышы, автомашиналардын келиши жана жаш врачтарга болгон көмөктөрдү атап өттү.

Аны менен катар менен көйгөйлөргө токтолуп, эскилиги жеткен ооруканалардын абалы жана дарыгерлердин жетишсиздиги тууралуу айтты. «Көйгөйлөр четинен чечилип жатат. Бирок, ооруканалардын абалы тынчсызданууну жаратууда. Дээрлик эскилиги жеткен имараттар. Мисалы, “Тез жардам кызматы” дагы өзү жардамга муктаж. Жергиликтүү бийлик маселени көтөрүп жатабыз. Эң негизги көйгөй – бул дарыгерлердин жетишсиздиги болууда. Облус боюнча 375 врач бар. 128 врач жетишпейт. Ар тараптуу колдоо көрсөтсөк, жаш врачтарды аймактарга тартуу жеңилирек болот деген ойдомун”,-деди А.Кайыпов.

Кыйынчылыктарга карабастан калк саламаттыгын карап жаткан бардык медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, ден-соолук сакчыларына чың ден-соолук, бакубат турмуш каалап, бир катар саламаттыкты сактоо кызматкерлерине Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасын жана Ыраазычылык каттарын тапшырды.

Маалымдама: учурда Нарын облусунда 6 райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору (ЦСМ), 48 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ), 80 фельдшер акушердик пункттар (ФАП), 4 аймактык (АО) жана 1 облустук бириктирилген оорукана (НОБО), 1 врачтардын коомдук практикалык борбору, кан куюу, СПИДке, туберкулезго каршы күрөшүү, облустук медициналык маалымат борборлору, облустук стоматологиялык поликлиника, 5 райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөлдөө борборлору иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий