• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын: Мектеп, бала бакчалардын жылуулугу текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Нарын шаарындагы мектеп, бала бакчаларга 2018-жылдын 16-октябрынан баштап жылуулук берилди. Эки күн аралыгында жылуулуктун берилиши талапка ылайык жүргүзүлгөнүн текшерүү максатында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тиешелүү мекеме жетекчилери менен социалдык объектилерди кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Нарын район аралык жылуулук берүү ишканасынын ди⁠ректору Улан Айтиевдин маалыматында шаардагы 8 мектептин үчөө: №1 Т.Сатылганов, №7 М.Сыдыков, №8 А.Буйлаш уулу атындагы орто мектептери жана 7 бала бакчанын №14, №15, №17 бала бакчалары жылуулук берүү ишканасы аркылуу, калганы автономдуу электрлешкен отканалар менен жылыйт. Мындан №4 Э.Ибраев атындагы орто мектеп гана көмүр менен жылыйт.

Район аралык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери мектеп, бала бакча жана төрөт бөлүмүнүн температурасын текшерди. Жыйынтыгында имараттардын көпчүлүгүнүн температурасы +17 градустан жогору экенин маалымдашып, жылуулук талапка жооп берилерин билдиришти. Ал эми төрөт бөлүмү +24 градусту көрсөтүп, талапка ылайык +25 градустан жогору болушу шарт экенин эскертишти.

Ошондой эле Нарын шаарындагы №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин жылуулук берүү системасы текшерилип жатса, №5 К.Жакыпов атындагы орто мектептин электр жарыгынан маселе жаралып, класстык бөлмөлөр тийиштүү деңгээлде жылыбай жатканы белгилүү болду.

Облус башчы балдардын билим, тарбия алышы үчүн шарт түзүп берүү зарыл экенин белгилеп, жылуулук берүү ишканасынын жетекчисине 1 күн аралыгында бул мектептерге талапка ылайык жылуулук берүүнү жана «Чыгышэлектр» ААКтын жетекчисине жаңы трансформатор менен камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий