• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын: Мектептердин сапаттуу курулушу жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө

Аймак 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын районундагы курулушу жүрүп жаткан мектептердин абалы менен таанышты.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Түгөлбай Жанбоев, Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын райондор аралык башкармалыгынын башчысы Жаныбек Турдукеев, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Бейшеналы Богачиев,Нарын облусунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Рахатбек уулу Эркин жана тийиштүүоблустук, райондук мекемелердин кызматкерлери менен бирдикте Орто-Саз айылындагы, Миң-Булак айылындагы жана Эчки-Башы айылындагы орто мектептеринде жүрүп жаткан иштерди көрүп, курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Сметалык баасы 34 млн сомду түзгөн Орто-Саз айылындагы 100 орундуу мектеп «МГ-строй» ЖЧКсы тарабынан курулуп жатат. Учурда мектеп корпусунун сырткы, ички иштери бүткөрүлүп, спорт залынын чатыры жабылып, ички жасалгалоо иштери аяктоо алдында турат.

Ал эми Миң-Булак айылындагы сметалык баасы 45 млн сом 150 орундуу мектеп «ТЧК» ЖЧКсы тарабынан курулуп план боюнча 2017-жылдын сентябрь айылында ишке берүү пландалган. Бирок убагында жумуш иштери аяктабаганын жана ички жасалгалар боюнча жумушчу комиссиясынын дефект боюнча актылары түзүлгөн. Териштирүү боюнча тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилди.

Ошондй эле Эчки-Башы айылындагы сметалык баасы 64 млн сом 225 орундуу мектеп «Экарас» ЖЧКсы тарабынан курулуп жатат. 2018-жылдын жаз айында жумуштары уланаарын курулуш компаниясынын өкүлдөрү билдиришти.

А.Кайыпов мектептердин курулушу сапаттуу жүрүшүн талап кылып, кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмаларды берди.

«Мамлекет бөлүп берген каражатты максаттуу пайдалануу зарыл. Окуу процесси сапаттуу курулган мектепте жүрүшү керек. Эгерде кемчиликтерге жол берилсе, укук коргоо органдарына кайрылып, териштирүү иштерин жүргүзөбүз. Ар бир аткарылган иши боюнча жооп берүү талап кылынат»,-деди облус башчы.

Пикир

Оставить комментарий