• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын мектептери эксперименттер аркылуу топуракты изилдеп үйрөнүү боюнча жаңы колдонмо алышты

Билим 0

Бишкек, 19.12.19./Кабар/. 17-декабрда Нарында мектеп мугалимдери жана билим берүү бөлүмдөрү үчүн «Топуракты эксперименттер аркылуу изилдөө жана баалоо» окуу колдонмосунун бет ачары болду. Ал орто мектептердин 5-11-класстары үчүн кыргыз жана орус тилдеринде иштелип чыккан жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, колдонмодо беш тематикалык бөлүм жана жеткиликтүү материалдарды колдонуу менен 16 экспериментти жүргүзүүгө көрсөтмө жана бир нече тажрыйбалык тапшырмалар камтылган.

Автордун пикири боюнча, бул кошумча материалды пайдалануу окуучулардын география, химия, биология жана физика боюнча билимдерин кеңейтүүгө жардам берет.

Белгилей кетсек, колдонмонун материалдары акыркы эки жыл аралыгында жарандык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча PALESCA долбоорун жүзөгө ашырууга тартылган Нарын облусундагы Нарын шаарынын, Ат-Башы районунун жана Нарын районунун бир нече пилоттук орто мектептеринин мугалимдери менен биргеликте сыналып, колдонууга жактырылган.

Колдонмо Борбордук Азия университетинин Тоолуу аймактарды изилдөө институту тарабынан «PALESCA — Борбордук Азиядагы палеоклимат, курчап турган чөйрөнүн өзгөрүшү жана өз ара социалдык аракеттер» долбоорунун алкагында Германиянын геофизикалык илимдерди изилдөө борборунун (GFZ) жана Германиянын билим берүү жана илим Федералдык министрлигинин (BMBF) колдоосунда даярдалып чыгарылды.

Жаңы окуу колдонмосу Нарын шаарынын сегиз, Нарын районунун алты, Ат-Башы районунун бир мектебине, облустун үч билим берүү бөлүмүнө жана Нарын мамлекеттик университетине берилери күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий