• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарын мэри ички жолдордун абалы менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев тийиштүү жетекчилер менен бирге Нарын шаарынын ички жолдорун кыдырып, көйгөйлөр менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Ошол эле учурда Чоң Нарын каналындагы көпүрлөрдү да көрүп, оңдоого муктаждарынын маселесин чечүүнүн үстүндө иш алып барууну тийиштүү ишкана башчыларына тапшырып, жазгы тазалоо, оңдоо, ирээтке келтирүү жумуштарын жандантууну тапшырды.

Мындан тышкары, борбордук Ленин көчөсүндөгү тыгындарды азайтуу максатында Сагымбай Орозбаков көчөсүн Жаңы жол аймагына чейин узартуу пландалып жаткандыгын маалымдаган шаар башчысы, тийиштүү жетекчилерге жашылдандыруу иштерине көңүл бурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий