• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын мэриясы таштандыларды сорттоп чыгаруунун жаңы тажрыйбасын ишке киргизет

Аймак 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Нарын шаардык мэриясы, “Таза Нарын” муниципалдык ишканасы, Нарын мамлекеттик университетинин “Агрардык-техникалык” факультетинин студенттери менен бирге тиричилик калдыктарын сорттоп чыгаруу боюнча жаңы тажрыйбаны ишке киргизет. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн тиричилик калдыктарын сорттоп чогултуу жана кайра иштетүүгө багытталган долбоорду шаардын “Арал” аймагында пилоттук катары сыноо сүйлөшүлдү.

Долбоордо турмуш тиричилик калдыктарынын түрүнө жараша бөлүп салуу үчүн мерчемделген аймактарга атайын түстөргө боёлгон 3 челек коюлуп. Аны кайра иштетүү жолу да пландалган. Анда таштандыларды бөлүп чогулткандан кийин андан биокомпосторду жасоо белгиленген.

Таштандыдан биокомпос (жер семирткич) жасоо өңдүү кайра иштетүү боюнча атайын окутууларды өткөрүү пландалды.

"Муну менен шаарыбыздын экологиялык, санитардык абалы жакшырып, таштандыны кайра иштетүү жолго коюлары күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий