• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында милициянын ардагерлери Баткенге жардам катары 100 миң сом которду

Коом 0

Бишкек, 01.10.22. /Кабар/. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлери Баткен облусунун эли үчүн 100 миң сом акча каражатын топтошту.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, топтолгон каражат атайын эсепке которулду.

“Учурда Баткен облусунун элине жарандарыбыз колдон келишинче жардам берип жатат. Колдо болгон оокатынан тамак-ашына чейин ташыган элдин биримдиги жүрөк жылытат. Мындай кайрымдуулук ишинен ички иштер органдарынын кызматкерлери, ал тургай ардагерлери да четте калган жок”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий