• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын милициясы: Шайлоо убагында мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берилбейт

Аймак 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Шайлоо убагында мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берилбейт, - деп билдирет Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда Нарын облусунун аймагында жалпы 171 шайлоо участогу иш алып барууда.

"Шайлоо убагында жарандардын коопсуздугуна, мыйзамдуулуктун сакталышына, коомдук тартипке көзөмөлдөө жүргүзүү жана мыйзамсыз иштерге ыкчам иш-чараларды көрүү максатында Нарын облусунун милиция кызматкерлери санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Ошондой эле коронавирус илдетин алдын алуу үчүн жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежесин жана аралыкты сактоо менен добуш берүү үчүн бет кап, кол кап кийип кирүүнү эскертишүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий