• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын милициясы жарандарды телефон алдамчылардан сак болууга чакырды

Аймак 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Заманбап технологиядарды колдонуу менен ишке ашырылган кылмыштуу курамдардын бири “Мобилдик шылуундук”. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мобилдик алдамчылык - алдамчылык кылмышынын жана жоругунун заманбап түрү деп атаса болот, өз учурунда мобилдик алдамчылык телекоммуникация чөйрөсүндөгү эң кеңири жайылган кылмыш.

Адатта мобилдик алдамчылар өзүнүн кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу үчүн интернет мейкиндигин жана уюлдук байланышты колдонуу аркылуу атайын тандалган же туш келген жарандын ишеничине кирип, аны алдоо аркылуу өз максатына жетет.

Мобилдик алдамчылыкты ишке ашыруунун көп кездешкен түрлөрү:

- жарандарга ар кандай утуштарга ээ болгондугу боюнча кабарлап, утушту алуу үчүн кандайдыр бир суммадагы акча каражаттарын которууга же алардын банктык карталарынын маалыматын берүүгө түртүү;
- жарандардын туугандарынын, досторунун атын жамынып, телефон аркылуу жашоодогу оор абалга кабылгандыгын, тез арада акча каражаты керек болуп жаткандыгын айтып, кандайдыр бир суммадагы акча каражатын которууга мажбурлоо.

Бүгүнкү күндө телекоммуникация каражаттарын колдонуу аркылуу жазалган алдмачылык фактылары боюнча Нарын милициясы жарандардан жалпы үч арыз-даттануу түшүп, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ошол себептүү Нарын милициясы жарандарды алдамчылык менен күрөшүү максатында укук коргоо органдары менен тыгыз байланышууга жана телефондук алдамчылардан сак болуп, интернет-мейкинидинде тараган шектүү шилтемелерди жайылтпоого чакырат.

Эгерде шек жараткан чоочун абоненттик номерлер аркылуу жүргүзүлгөн СМС билдирүүлөр, чалуулар түшсө дароо "102" кызматына билдирип, далилдерди сактап калып, өткөрүп берүүңүздөрдү сурайбыз.

Пикир

Оставить комментарий