• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын: Ноорузда 500гө чукул милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта, Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабековдун катышуусу менен алдыда боло турган Нооруз майрамына карата саптык кароо өткөрүлдү.

Облустук милициядан кабарлашкандай, саптык кароого Нарын милициясынын өздүк курамы, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Нарын облусундагы атайын операциялык отряды, Нарын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү жана Нарын шаардык күзөт бөлүмү үчүн саптык кароо өткөрүлдү. Өздүк курамдын даярдыгы, ар бирине коюлган тапшырмалары аныкталып, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков 21-март күнү Нооруз майрамына даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана мыйзам бузууга жол бербөө милиция кызматкерлеринин милдети экендигин баса белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, майрам күнү облус аймагында жалпы 500гө чукул милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Мындан тышкары, майрам күнү мыйзам бузууларга жол берилсе, ыкчам иш алып баруу үчүн тергөө тобунун 70 кызматкери тартылууда.

Пикир

Оставить комментарий