• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облустук бириктирилген ооруканасына демөөрчүлөр жасалма дем алдыруучу аппарат тапшырышты

Аймак 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Нарын облустук бириктирилген ооруканасына демөөрчүлөр жасалма дем алдыруучу аппарат тапшырышты. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 7-майда демөөрчүлөр Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жасалма дем алдыруучу аппарат жана коронавирус илдетин аныктоочу 500 даана экспресс-тест тапшырышкан.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүү Эмилбек Алымкулов зарыл шартта мындай колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө облус жашоочуларынын атынан терең ыраазычылык билдирген.

Белгилей кетсек, облус боюнча жалпы 18 жасалма дем алдыруучу аппараты бар.

Пикир

Оставить комментарий