• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын спартакиадасы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.10.21. /Кабар/. Кечээ, 15-октябрда, Нарын шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" стадионунда Кыргыз милициясынын 97 жылдыгына арналган Нарын ОИИБнин спартакиадасы өттү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев баш болгон облустук бийлик өкүлдөрү, Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков, ардагерлер жана бир катар мекеме жетекчилер катышты.

Ал эми мелдеш башкармалыктын борбордук аппараты, милициянын кайгуул күзөт кызматы, жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы,Нарын шаардык күзөт кызматы жана шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган командалардын катышуусунда өттү.

Спартакиаданын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Алмазбек Жумабеков, иш-чаранын максаты биринчиден президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын эске алуу менен өздүк курам арасында ден соолукту чыңдоо, спортту сүйүү, кызматкерлер бири-бири менен ынтымак, биримдикти бекемдөө, ички иштер органдарына жаңы кирген жаш кадрларга туура багыт алуусуна шарт түзүп берүү, жарандардын коомдук коопсуздугун сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө ар дайым күжүрмөн даярдыкта болуусун, спорт менен машыгуусун баса белгиледи.

Иш-чара спорттук оюндун беш түрү (футбол, волейбол, кыздар-балдар арасында теннис, аркан тартыш, 400 метр аралыкка чуркоо) боюнча жалпы 10 команда ат салышып, мелдеш кызуу жүрдү.

Жыйынтыгында ар бир оюндун түрү боюнча жеңүүчү командалар аныкталып, мыкты оюн көрсөткөн кызматкерлерге номинациялар, баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана Нарын ОИИБнин кубогу тапшырылды.

Ошондой эле өткөрүлгөн иш-чарага көмөк көрсөткөн инсандарга Нарын ОИИБнин ыраазычылык каттары ыйгарылды.

Мындан тышкары, чакырылган коноктор жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн кызматкерлерге, баалуу белектерин тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий