Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборунун башкы директору болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, Жунусова Каныкей Мухаммедовна Нарын облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жунусова Каныкей Мухаммедовна 1974-жылы туулган. Билими жогорку. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Жунусова 1998-2005-жылдары Нарын облустук телерадиокомпаниясында диктор, 2005-2013-жылдары КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын кабарчысы болуп иштеген. Ал эми, 2013-жылдан баштап, “Ала-Тоо 24” каналынын жооптуу чыгаруучу редактору болуп иштеп келе жаткан.

Пикир

Оставить комментарий