• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облустук милициясы алты айда аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-июлда, Нарын облустук ички иштер органдарынын жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу онлайн маалымат жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Нарын ОИИБдин башчысы Алмазбек Жумабеков жана орун басарлары, башкармалыктын тармактык кызмат жетекчилери, Нарын ШРИИБнүн башчылары, орун басарлары жана тармактык кызмат жетекчилери катышты.

Ыкчам кеңешмеде Нарын ОИИБнын 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, жарандарды кабыл алуу, алар тараптан түшкөн арыз-даттанууларды, билдирүүлөрдү кароо тартиби тууралуу маалымат берилип, 6 ай аралыгында кетирилген кемчиликтер жана жетишкендиктер боюнча да баса белгиленди.

Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун коргоодо ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен айрым кызматкерлерге тартиптик жазалар берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында Нарын ОИИБнын начальниги Жумабеков өздүк курам арасында тартип маселеси, коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана ар бир ишке так жоопкерчиликтүү болууну, милициянын көчмө кабылдамасы менен тынымсыз иш алып барууну, жарандардын ар бир арыз даттануууларын тыкыр көзөмөлгө алып, эл менен тыгыз иш алып барууну жана өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу жугуштуу оорунун алдын алууда өздүк тазалыкты туура сактоону баса белгилеп, жалпы жыйынга катышкан кызматкерлерге иштерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий