• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облустук милициясынын жетекчилиги милиционер айымдарды куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 08.03.22. /Кабар/. Кечээ, 7-мартта Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында 8-март- аялзатынын эл аралык күнү белгиленип, сыйлыктар тапшырылды. Бул туралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгач ички иштер министри Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын айымдарына арналган куттуктоосу окулуп, өздүк курамга жеткирилди.

"Жаз менен кошо кирип келген бул майрамды баарыбыз кубануу менен белгилейбиз. Бизге өмүр берген аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына жана жоопкерчиликтүү кызматына ыраазычылык сөздөрдү айтам. Урматтуу биздин сулуу, назик, эч нерсеге теңдеши жок айымдар сиздерди 8-март-Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Сиздерге бекем ден-соолук, дөөлөттүү өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана эл жүгүн аркалаган жооптуу кызматыңыздарды ар дайым ийгиликтер коштой беришине тилектешмин", - деди Алмазбек Жумабеков.

Иш-чарада өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн ИИМдин "Азамат" медалы, "Кыргыз милициясына 95 жыл" юбилейлик медалы, "Датка айым" медалы, Ардак грамотасы жана Нарын ОИИБнин Ардак грамотасы, ыраазычылык каттары менен милиция айымдар, медицина кызматынын кызматкерлери жана эркин жалданма кызматкерлер сыйланышты.

Нарын ОИИБнин жетекчилиги жана өздүк курамы жалпы аялзатын кызуу куттуктап, калоо-тилектерин айтып өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий