• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облустук милициясынын кызматкерлери алдын алуу иш-чараларын тынымсыз жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдын алуу багытындагы бир катар иш-чараларды тынымсыз жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Нарын райондук ички иштер бөлүмдөрү, Нарын шаардык ички иштер бөлүмү жана Нарын ОИИБнын милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкелери тарабынан эл арасында учурдагы кырдаалга байланыштуу коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында беткап кийүүсү, антисептик колдонуулары жана аралыктары 1-2 метрден кем болбошу керектиги эскертилип, түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүүдө.

Мындан тышкары ар бир район аймагында жайгашкан соода-түйүн борборлору, базарлар, дарыканалар, тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кыдырылып, кардарларды беткапсыз киргизбөөлөрү эскертилди. Анын алкагында соода борборлорунун айрымдарына эскертүүлөр берилсе, айрымдарына айыппулдар салынды.

Ошондой эле Нарын облсунун аймагында жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлүп, анда өспүрүмдөр арасында аталган илдеттин жайылып кетишин алдын алуу максатында аралыкты сактоолору камсыздалып, милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында коомдук коопсуздукту көзөмөл кылышып эч кандай тартип бузуу фактыларына жол беришкен жок.

Жайкы каникул башталгандыгына байланыштуу шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору бир катар иш-чараларды уюштуруп, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жана рейддерди өткөрүп жатат. Тилекке каршы, жаш өспүрүмдөр арасында сууга чөгүү фактылары аныкталып жаткандыгына байланыштуу, жаш жеткинчектердин ден соолугун, коопсуздугун, сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу жана санитардык-карантиндик эрежелерди туура сактоо үчүн тыюу салынган жерлерге, көлмөлөргө, агымы күчтүү каналдарга эскертүүчү белгилер орнотулуп, кээ бир жерлердин белгилери өчүп калгандыктан жаңыланып жазылды.

Пикир

Оставить комментарий