• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облустук ооруканасынын бир катар бөлүмдөрү убактылуу жабылды - өкүл Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 27.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын бир катар бөлүмдөрү убактылуу жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, оорукананын айланасы курчалып, негиздүү себептер болбосо унаалар киргизилбей жатат.

"Бүгүнкү күндө коронавирустун курчуп кеткендигине байланыштуу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар, наркология, терапия, неврология, балдар бөлүмдөрү убактылуу жабылды. Ал эми кардиология, травматология, хирургия, лаборатория, төрөт жана жандандыруу бөлүмдөрү иштеп жатат", - дейт ал.

Алымкулов маалымдагандай, облуста жалпы 1 миң 444 орундук даярдалган.

"ПЧР анализдер көчмө лабораториясынан текшерилүүдө. Медицина мекемелеринде 291 койкалуу 7 обсервация, ӨКМде 988 койкалуу 14 обсервация жана "Торугарт" өткөрмө бекетинде 164 орундук даярдалган", - деди Алымкулов.

Пикир

Оставить комментарий