• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын облусу боюнча 7,31 млн чарчы метр жер дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Нарын облусу боюнча 7 млн 31 миң чарчы метр жер дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Чолпонбек Боскунчиев билдирди.

Анын айтымында, дезинфекциялоо иштери өрт өчүрүүчү унаа менен жана асманда учуучу аппарат менен жүргүзүлүүдө.

"Мындай иштер Нарын облусунун ар бир районунда жүргүзүлүүдө. Ошондой эле эл көп чогулган жерлер дезинфекцияланды", - деп маалымдады Боскунчиев.

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиевдин айтымында, кечээ Ат-Башыда саат 17:00дөн баштап дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.

"Дезинфекциялоо иштери обсервацияга жакын аймактарда жана илдеттин очогу болгон жерлерде жүргүзүлүүдө", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий