• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облусу боюнча дезинфекциялоо иш-чаралары уланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/.Нарын облусу боюнча дезинфекциялоо иш-чаралары уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Малыматка ылайык, кечээ, 22-июнда Нарын шаарында, Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор жана Жумгал райондорунда коронавирус илдетин алдын алуу максатында, КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрү тарабынан залалсыздандыруу иш-чаралар жүргүзүлдү.

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өрт-өчүрүүчү автоунаасы менен аныкталган жарандардын короо жайларында жана райондук башкы жолдорун баардыгы 56000 чарчы метр дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү;

Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өрт-өчүрүүчү автоунаасы менен жарандардын короо жайларында жана тиешелүү көчөлөрдү жалпы 48000 чарчы метр дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү;

Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан К.Кыдыралиев жана М.Жундубаева орто мектептеринде ЖРТ тест берүү алдында дезинфекциялоо жүргүзүлдү;

Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ат-Башы мал базарында, көчөлөрдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Башкармалык тарабынан дезинфекциялоо иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий