• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 829 койка-орундук бар

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Нарын облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 829 койка-орундук бар. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, алардын ичинде Ат-Башы районунда – 169 орундук, Ак-Талаа районунда – 123 орундук, Жумгал районунда – 162 орундук, Кочкор районунда – 158, Нарын районунда – 120, Нарын шаарында – 97 орундук. Мындан сырткары, Нарын шаарында дагы 50 орундук даярдоо пландалууда.

"Дарыгерлердин көрсөтмөсү жок өз алдынча дарылангандар көбөйүп жатат. Биз учурда аларга эскертүүлөрдү берип, ачылган күндүзгү стационарлар тууралуу маалымат берүүдөбүз", - дейт өкүл.

Пикир

Оставить комментарий